Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Парламентте Искак Масалиевдин сунушу өткөн жок


Жогорку Кеңештин пленардык жыйыны бүгүн “Эркин экономикалык аймактар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору” биринчи окулушта кабыл алды. Коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев бул мыйзамда карама-каршылыктар, каталар көп деп, муну кошумча иштөөгө жөнөтүү сунушун берген.
Долбоордо Эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүн реформалоого, ишкерлерге тең укуктуу база түзүүгө басым жасалган. Айрым депуттар мыйзам долбоору Каракол жана Нарын Эркин экономикалык аймактарын жабуу максатын көздөп жатат деп, муну жеке адамдардын кызыкчылыктары менен байланыштырышты. Депутат Нарынбек Молдобаев Эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия жыйынтыксыз калганын эскертти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, Экономика жана өнүгүү министри Акылбек Жапаров парламентте бул комиссияны жетектөө өзүнө жүктөлүп жаткандыгын, жакында комиссия жер-жерлерге барып келгенден кийин аймактардын жабылаар-жабылбасы тууралуу маалымат берилерин эскертти.
Жапаровдун пикиринде аталган аймактар өзүн актаган жери жок. Былтыр Кыргызстанга келген 586 млн. доллар инвестициянын 30 млн. доллары Бишкек экономикалык аймагына келип, калган аймактарга инвестиция келген жок деди Жапаров парламентте. (BuS)

XS
SM
MD
LG