Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Бишкекте КМШ жаштарынын жылын өткөрүүнүн жол-жоболору талкууланат


29-30-январь күндөрү Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн Жаштар иштери боюнча кеңеши жыйын курат. Анда 2009-жылды КМШ жаштарынын жылы катары белгилөөнүн жол-жоболору бекитилет. Былтыр Бишкектеги саммитте КМШ лидерлери 2009-жылды КМШ аймагында жаштар жылы деп жарыялоо чечимине келишкен. Бул иш чара алкагында аймактагы жаштардын жарандык активдүүлүгун жогорулатуу, аларга экономикалык колдоону көбөйтүү каралат. Мындан тышкары чыгармачыл жана окумуштуу жаштардын форумун уюштуруу да пландалып жатат. Ушул жылы ошондой эле аймактагы жаштардын эл аралык спорттук таймаштары өткөрүлөөрү күтүлүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG