Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:33

2008-жылдагы маданият жаатындагы жыл жыйынтыгы чыгарылды


Бүгүн Маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясы өттү. Анда 2008-жыл жалпысынан алганда маданият жаатында үзүрлүү жылдардан болгону белгиленди.  Министр Султан Раев былтыр маданият жаатындагы каржылоо рекорддук сумма - 500 миллион сомго жеткенин айтты. Жыйында министрликтин 2009-жылга карата иш-пландары да бекитилди. С.Раев быйыл жыл башында эле “Маданият тууралуу”жаңы  мыйзам кабыл алынып, 2009-жыл да жемиштүү болот деген ишеничин ортого салды. Министр 2009-жылы маданият жаатында  “Китепканалар жылы” деп жарыяланганын билдирди. Өлкөдө жаңы китеп фондун түптөө үчүн 5 миллион сом каралууда. (EK)

 

XS
SM
MD
LG