Бул тууралуу Россиялык укук борбору жарыялаган баяндамада айтылат. "Мемориал" өз баяндамасында Ноокат окуясынын курчушуна терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшкөн 9-бөлүмдүн таасири бар деп белгилеген. Видеотасмага таянган уюм чатактан кийин милиция анын катышуучуларын сабап, канжалатып кое берген. 3-ноябрда башталган тазалоо алардан 2500 долларга чейин акча өндүрүү менен коштолуп, тергөө көптөгөн мыйзам бузуулар менен ыкчам аяктаган. Тергөө, соттоо учурунда айыпталуучуларга түрдүү запкылар көрсөтүлгөн, жактоочуларга чектөөлөр жасалган. “Мемораиал” уюмунун баяндамасы тууралуу маалыматты Кыргызстандын акыйкатчысынын алдындагы укук коргоочулар кеңеши таратты.
Жалпыга белгилүү былтыр 1-октябрда Ноокатттын борбордук аянтында Орозо айт майрамын уюштурууга тыюу салган райондук жетекчиликке каршы жергиликтүү тургундар тобу чатак чыгарып, райондук бийлик имаратын талкалап салышкан. Конституциялык түзүлүшкө кол салды деген негиз менен бул тополоңго катышкан 32 кишиге 8 жылдан 20 жылга чейинки жаза чектелген. Бул адамдар экстремисттик Хизб-ут-тахрир партиясынын мүчөлөрү деп саналууда. (BuS)