Германиянын канцлери Ангела Меркел Евробиримдикти газ куурларынын курулушу боюнча европалык үч долбоорду колдоого чакырды. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозуга жолдогон катында Меркел айым орусиялык “Түндүк агым”, “Түштүк агым” жана “Набукко” газ куурлары Евробиримдик үчүн зор мааниге ээ болгонун белгиледи.