Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эл аралык коомчулук, анын ичинде Израил Газа тилкесин калыбына келтирүүгө көмөктөшүшү керектигин белгиледи. БУУнун маалыматына ылайык, Израилдин үч аптага созулган чабуулдарынан Газа тилкесинде 21 миң үй толугу менен талкаланган.