Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Милициялар А.Жекшенкуловдун жеке тапанчасын алууга аракет кылышты


Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бир жумадан бери милициянын майору баш болгон тартип коргоо сакчылары Ички иштер министринин жеке көрсөтмөсү менен өзүнө таандык “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчаны алып кетүүгө аракет кылышкан. 2004-жылы өкмөттүн токтому менен өлкөнүн тышкы коопсуздугуна сиңирген эмгеги үчүн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча менен сыйланган. “Бул тапанчаны укук коргоо органдары алып кетишип, журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө тиешеси бар деп чагым салышы мүмкүн”,-деди Жекшенкулов. Ал ошондой эле адвкоаттын, күбөлөрдүн катышуусунда тапанчаны көрсөтүүдөн тартип коргоо органдарынын кызматкерлери баш тартканын кошумчалады.Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы министр Молдомуса Конгантиев эч кандай көрсөтмө бербегенин, бул маселеге тиешеси жоктугун билдирип, Жекшенкуловдун айткандарын төгүнгө чыгарды. Алардын маалыматына караганда ИИМ өкмөттүн “Курал жөнүндө” токтомунун негизинде ок атуучу куралдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG