Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Орусиянын мамлекеттик кирешеси быйыл 40%га кыскарары күтүлүүдө


Экономикалык кризистин айынан мамлекеттик бюджеттин кирешеси быйыл 40%на азаяры күтүлүп жатканын Орусиянын каржы министри Алексей Кудрин билдирди. Кудридин айтымында, быйыл бюджеттин кирешеси 6,5 триллион рубль же 185 миллиард доллар болчудай. Ал эми мурда бюджет кирешеси 10,9 триллион рубль деп болжолдонгон эле. Орусиянын чийки затка таянган экономикасы өзгөчө мунай баасынын арзандашынан жабыр тартты.

XS
SM
MD
LG