Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Дүйнөнүн ири өлкөлөрү Ирандын өзөктүк программасы боюнча келерки аптада сүйлөшөт


АКШ, Орусия, Британия, Франция, Германия, Кытайдын өкүлдөрү келерки аптада Франкфуртта жолугарын бүгүн немец тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бул дүйнөнүн ири өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ президентинин кызматына Барак Обама киришкенден кийинки алгачкы жолугушуусу болот.

Барак Обама Иран менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген, бирок америкалык расий өкүлдөрдүн айтымында, Иран БУУнун уран байытууну токтотуу талабын аткарбаса, кысым күчөтүлөт.

Иран тышкы иштер министри Манучекир Моттаки кечээ эгер АКШ Жакынкы Чыгыштагы саясаты менен ишин өзгөртсө, Тегеран аны менен кызматташууга даяр экенин айтты.

XS
SM
MD
LG