Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Ирактын Мосул шаарында шайлоону утурлай комендаттык саат киргизилди


Ага ылайык, өлкөнүн түндүгүндөгү бул шаарда автоунаалардын каттоосуна тыюу салынат. Тургундар эртеңки жергиликтүү шайлоо өткөнгө чейин шаардан башка жакка чыга алышпайт.

Комендаттык саат - ишембидеги шайлоонун алдында өлкө боюнча көрүлүп жаткан коопсуздук чараларынын бири. Шайлоого байланыштуу Ирактын эл аралык чек аралары жабылууда, Багдадда жана башка шаарларларда да авто жана аба каттамдарга тыюу салынат.

Багдад жана калган ири шаараларда коопсуздук кыйлага жакшырганы менен түндүктөгү Мосулда ирактык, америкалык аскерлер "ал-Каидага" жана башка согушкерлерге каршы урушун улантууда.

Түштүктөгү Басра шаарынын чек аралары да бүгүн кечтен жекшемби эртең мененкиге чейин жабылары белгиленген.

XS
SM
MD
LG