Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:20

Түндүк Корея Түштүк Корея менен түзүлгөн келишимдердин баарынан чыгат


Кореянын тынчтык жол менен биригүүсү боюнча Түндүк кореялык комитет бүгүн бул тууралуу жарыялоо менен Сеулду душманчыл саясат жүргүзүп жатканы үчүн айыптады.

Түндүк Кореянын мамлекеттик телесинен айтылган маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосундагы элдешүү,агрессия жасабоо, кызматташтык жана алмашуулар жөнүндөгү, ошондой эле Сары деңиздеги чек ара сызыгы боюнча келишимдер жокко чыгарылат.

Сары деңизде 1999, 2002-жылдары эки өлкөнүн кемелери ортосунда кандуу кагылышуу орун алган.

Түштүк Кореянын премьер- министри Хан Сын Су бүгүн Давостогу экономикалык форумда жүргөн жеринен Пхеньяндан келген жаңылыкты комментарийлеп, Түндүк Корея коңшусун коркуткандын ордуна, диалогко барарына үмүттөнөрүн, мындай коркутуу биринчи эле ирээт орун алып жатпаганын айтты.

Түндүк Корея 2007-жылы беш өлкө: АКШ, Жапония, Кытай, Орусия, Түштүк Корея менен экономикалык жана энергетикалык жардам көргөзүлгөн шартта өзөктүк программасын токтотууну макулдашкан. Бирок бул жараян былтыр августтан бери токтоп калды.

XS
SM
MD
LG