Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

БАздагы чегара маселеси Бишкекте талкууланат


Февралдын үчүнөн бешине чейин Бишкекте Борбор Азияда чегара аймагын жөнгө салууга арналган эл аралык конференция болот. Ага Борбор Азиядагы мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана АКШ, Германиянын эксперттери катышат. Алар чегара коопсуздугун камсыз кылуу жана региондор аралык ишти жөнгө салуудагы кызматташтык маселелери талкууланат. Андан тышкары Кыргызстандын чегараны башкаруунун комплекстүү системасын түзүү боюнча улуттук стратегиясынын бетачары болуп, чегара кызматкерлерин даярдоо боюнча Новопокровкадагы борбор жана Ак-Жол чегара бекетинин иши менен таанышышат. Мындай маалыматты Германиядагы Жорж Маршалл атындагы борбордун маалымат кызматы таратты.(BD)

XS
SM
MD
LG