“Мемориал” укук коргоо уюму 30-январда тараткан билдирүүдө Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Райымкул Аттакуров «Славянский союз» улутчул-социалисттик уюмдун лидери Дмитрий Демушкин менен эки ирээт жолуккандыгы айтылат. Бул уюм Орусияда неоулутчул кыймыл катары белгилүү. Жолугушуу кыргыздарга карата кол салуулардын күч алышынан улам уюштурулгандыгы кабарланууда. Маалыматтарга караганда, Орусиядагы кыргыз элчиси неоулутчул Д.Демушкинди ЖККУнун аскерий спорттук уюмдарынын слетуна чакырган. Ошондой эле Р.Аттакуров «Славянский союз» мүчөлөрүнүн катышуусунда кыргыз гастарбайтерлери менен тегерек стол үстүндө талкуу өткөрүүгө ниеттүү экен. “Экстремизм менен күрөшөбүз дегени менен кыргыз бийлиги орусиялык неоулутчул уюмдар менен айдан ачык кызматташууга даяр экендигин көрсөтүп атат. Болгондо да бул кыргыз президенти К. Бакиевдин Москвага карата иш-сапар алдында орун алып отурат. Рассисттик негизде зомбулук иштерге кириптер мындай уюм менен жөнөкөй дипломат эмес Кыргызстандын Орусиядагы элчиси сүйлөшүүгө барып жатканы бизди абдан тынчсыздандырат.” – деп айтылат “Мемориал” укук коргоо уюму кечээ тараткан билдирүүдө. Анда ошондой эле Орусия аймагында такырбаштар колунан көз жумгандардын жакындарына көңүл айтылып, орус бийлигине расалык негизде орун алып жаткан кылмыштар менен чечкиндүү күрөшүү талабы коюлган. “Мемориал” уюму өз жарандарын жоготуп жаткан өлкө жетекчиликтеринен улутчул уюмдар менен кызматташпоону суранат. (EK)