Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Казино жана башка оюн жайларынан алынчу салык өзгөртүлүшү мүмкүн


Азыр өкмөт ага негиз берчү жагдайларды иликтөө үчүн Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Айдар Мокенов башында турган комиссия түздү. Комиссия жаңы жылдан тарта казино жана башка оюн жайлары эмне үчүн жабылып, алардан алынчу салыктын көлөмү эмне үчүн кескин азайгандыгын иликтеген жатат. Анткени Салык боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы жылдан бери Бишкектеги 38 казинонун 12си гана калып, калгандары жабылууга мажбур болгондугун,натыйжада алардан айына алынчу 100 миллион сомдун ордуна 40 миллион сом гана казынага түшкөндүгүн билдирген. Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаевдин айтымында, буга казинодогу ар бир оюн үстөлүнөн айына алынчу акынын 300 миң сомго көтөрүлгөнү башкы себеп. Анткени ушундай үстөлдөр үчүн Москвада 4 миң доллар, Казакстанда 2 миң доллар алынcа Кыргызстанда 8 миң долларга көтөрүлгөн. Мындай көрүнүш бул ишкерликти көмүскө бизнеске кетүүгө мажбурлайт деген депутат Н.Молдобаев өкмөттүк комиссия ар бир үстөлдөн алынчу акыны 150 миң сомго азайтуу жана Салык кодексине өзгөртүү киргизүү маселесин иликтеп жаткандыгын билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG