Ысык-Көл облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Жаңыл Акунова төрөттөн өлгөндөрдүн саны быйыл 4 аялга көбөйгөнүн ырастады. Көбүнчө 20 жаштан 40 жашка чейинки төрөт курагындалар жабыркоодо. Анын негизги себеби - аялдарды кароочу дарыгерлердин жетишсиздиги. Учурда Ысык-Көлдүн ар бир төрөт үйүндө бирден гана гинеколог врачтар калды. Көпчүлүгү айлык акы жогору төлөнүп аткан Казакстанга көчүп кетип атышат. Мисалы өткөн жылы 86 дарыгер орун которуп кетсе, быйыл 43ү ишин таштады. Ошондуктан облус губернатору К.Исаев Ысык-Көлгө жогорку билимдүү медицина кызматкерлерин тартуу үчүн атайын жер участогун бөлүп бере турганын жарыялады. Эгерде врачтар келип иштесе алар үй куруу үчүн курулуш материалдары менен да камсыз болот. (RB)