Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:35

Түркмөн президенти өкмөт мүчөлөрүн сабатсыздыгы үчүн айыптады


Гурбангулы Бердымухаммедов кечээ кечинде сыналгы аркылуу сүйлөп, бир топ министрлерди кызматтан алганынын себебин ал министрлер сабатсыз экендиги менен түшүндүрүп, алар тийиштүү реформаларды жүргүзө албай тургандыктарын айтты. Президент өкмөт мүчөлөрүн кайра Коомдук кызмат Академиясына тапшырууга буйруду. “Кимде-ким экзаменди дурус тапшыра албаса, кызматтан алынат”, - деп айтты президент.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG