Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Ош: Жер ала албаган тургундар нааразылыкка чыкты


Кара-Суу районунун Большевик айылынын 30 чакты тургуну Ош облустук бийлигинин алдына топтолуп, жердештерине үй куруу үчүн ажыратылган 21 гектар аянтты ээлерине атайлап бөлбөй жаткан жетекчилерди токтоосуз жазалоону талап кылышты. Ошондой эле жер тилкелери чукул арада колуна тийбесе, Бишкекке дейре жөө жүрүш жасашаарын эскертишти.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында, мындан туптуура он жыл мурда Кара-Суу районуна караштуу Большевик айылынын 1700 тургунуна Жоош айыл өкмөтү тарабынан 8-10 сотыхтан жер тилкеси ажыратылган. Бирок ал аянтка Эркин Романов жетектеген «Береке» дыйкан чарбасы ээлерин жолотпой, анын себебин 21 гектарды мээнет кылып өздөштүрүп, мөмө-жемиш багына айлантып, жыл сайын мол түшүм жыйнап келаткандыгы менен түшүндүргөн. Мындан тышкары аталган чарба жергиликтүү бийликтин үстүнөн сотко арыздангандыктан, былтыр гана Жогорку Сот талашка чекит койду.

Жогорку Сот 2008-жылдын 17-ноябрында Большевик айылынын жашоочуларынын талабын канааттандырган бул чечим акыркы болуп саналарын жана кайра даттанууга болбостугун жарыялаган.

Бул туурасында кыштак тургуну Апиза Караева мындай дейт:

- Бизге Жогорку Соттун өкүмү чыккан жер берилсин, элдики деп. Булар жерди ижарага берип коюшкан.

Акция катышуучусу Патила Мавлянова эскергендей, жердештери 2007-жылы райондук бийликтин жардамы аркасында жер тилкелерине үй курууга аракеттенишкен. Тилекке каршы, Кара-Суу аймактык социалдык жардам бөлүмүнүн башчысы Санавар Шабиева «Береке» дыйкан чарбасын жетектеген күйөөсү Эркин Романовго ачык болушкандыктан, ортодо тополоң болбосун деген ниетте тарап кетишкен:

- 2007-жылы бул жерди архитектура өлчөп, ар бир адамга 8 сотыхтан кылып жиптерди тартып, баардыгын даяр кылып койгон. Санавар Шабиева деген бир машина адам алып келип казыкты ыргыттырып ийген. Ал Кара-Сууда соц жардамдын башчысы болуп иштейт. Бул жер анын күйөөсүнө катталган экен. Бул документтердин баардыгы биз соттошкондон кийин даярдалган. Буларды жасалма документ деп эсептейм.

Беш баланын энеси Ырыскан Жукушева турак-жай курууга мамлекет тарабынан бөлүнгөн 21 гектар аянтты ээлерине атайылап бөлбөй жаткан жетекчилерди токтоосуз жазалоону облустук бийликтен талап кылды:

- Жергиликтүү бийликтин басымынын негизинде ушуга чейин жер колубузга тийбейт атат. Тиешелүү жерлерге кайрылганыбызда «Береке» дыйкан чарбасынын эч жерге каттоодо жок экенин тастыктаган. Бакиевге жөө жүрүш менен барып ушул арыз-муңубузду жеткирмекпиз. Президент кабыл албаса анда ачарчылык жарыялайбыз. Артка жол жок.

Облус жетекчиси Аалы Карашев Бишкекте сапарда жүргөндүгүнө байланыштуу губернатордун орун басарлары нааразылык жүрүшүнүн катышуучуларын кабыл алуудан баш тартышты. Ошол эле учурда «Береке» дыйкан чарбасынын өкүлдөрү менен биздин байланышуу аракетибизден да майнап чыккан жок.

Маселеге түздөн-түз тиешеси бар түштүк аймактык мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасынын орун басары Олжобай Осмоналиевге кайрылганыбызда, «Береке» дыйкан чарбасынын арызынын негизинде иш кайрадан сотто карала баштагандыгын билдирди:

- Ошол маалда менчиктештирүү бизден болгон экен. Бүгүнкү күндө бул иш боюнча маселе Жогорку, облусттук соттордо каралып жатат. Башка эч нерсе айта албайм.

«Эми Большевик айылынын тургундарынын пайдасына чечилген Жогорку Соттун былтыркы чечими эмне болот?» - дегенибизде, маектешибиз Олжобай Осмоналиев сурообузду жоопсуз калтырды.


XS
SM
MD
LG