Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Комидеги аксакалдар үйүндө чыккан өрттөн 23 адам набыт болду


Мамлекеттин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таркаткан маалыматка караганда, Орусиянын Коми республикасындагы өрттөн 3 адам гана куткарылды. Өрт өчүрүүчүлөр кабарды уккандан 20 мүнөттөн кийин келишкен. Анткени ал жерге эң эле жакын өрт өчүрүүчүлөр 22 чакырым алыста жайгашкан экен. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул «отту натуура пайдалангандан болсо керек» деген тыянак чыгарылды. Кылмыш иши колголду. Комиде 3-февраль – аза күтүү күнү деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG