Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Батыш басма сөз каражаттары: Давос, Израил жана Эрдоган


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Давосто Израилдин президенти Шимон Перез менен кайым айтышы ушул күндөрү дүйнөлүк басма сөз каражаттарында кызуу талкууга алынууда.

Британиянын Financial Times гезити жекшемби күнкү санында Давостогу окуяга дагы бир жолу кайрылып, “Араб Лигасына мүчө болбогон, Израил менен жакын мамилеледе болуп келген Түркия Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулуна абдан катуу реакция көрсөттү” деп жазган. Эрдогандын Египет, Сауд Арапстан жана Йорданияны камтыган Жакынкы Чыгыш саякатын эске салган гезит, бул өлкөлөр АКШнын аймактагы эң жакын өнөктөштөрү экенине көңүлдү бурат.

Түркияда чыгуучу англис тилдүү Turkish Daily News гезитинде жарыяланган бир макалада, АКШдагы “Anti Defamation League” аттуу жөөт уюму түрк өкмөт башчысы Эрдогандын Давосто Израил президенти Перез менен болгон кайым айтышынан кийин, өзүнүн сын пикирлери Израилди жөөт калкын бутага албаганын, жөн эле Израилдин башкаруудагы өкмөтүнө каратылганын баяндоосун канааттануу менен кабыл алганы билдирилген. Макалада жөөт уюмунун төрагасы Абрахам Фоксман уюмдун интернет баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап, Эрдоганды Түркиянын коомчулугунда Израилге болгон терс пикирлерди азайтуу үчүн, этият сөздөрдү колдонууга үндөгөн.

“Стратфор” аттуу бейөкмөт чалгын кызматынын интернет баракчасында жарыяланган бир макалада, АКШ Ооганстандагы аскерлери үчүн Казакстандан ири көлөмдө кеңири керектелүүчү зат анын ичинде мунай продуктуларын сатып алууну ойлоп жатканы билдирилет. Вашингтон Ооганстанга кошумча 30 миң аскерин жайгаштырганы жатат деп жазылган макалада, ушуга чейин АКШ Ооганстандагы аскерий бөлүктөрү үчүн керектелген заттарды дээрлик Пакистан жана азыраак өлчөмдө Түркмөнстан менен Азербайжандан алып келгени белгиленет.

Eurasia View интернет баракчасы Ташкендин шаар башчылары жана милиция Өзбекстандын борбор калаасын кооздоо максатында жаңы бир өнөктүктү шаардын тургундарына таңуулап жатканын жазып чыккан. Баракчанын макаласында айтылганга ылайык, мындан ары шаар тургундары үйлөрүнүн балкондоруна кирлерин жая алышпайт. Бул мыйзамды бузгандар жазага тартылат.
XS
SM
MD
LG