Чукул кырдаалдар министрлигинен алынган маалымат боюнча силкинүүнүн очогу болгон жерге кечээ саат 20:15те министрликтин оперативдүү тобу жөнөп кеткен. ЧКМдин Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Б. Аманбаев жетектеген топ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Жайыл, Панфилов райондорун, майыптар үйүн текшерип чыгышты. Ошону менен бирге жергиликтүү элдин турак-жайлары да иликтөөгө алынууда. Азырынча жер титирөөдөн жапа чеккендер жок, деп маалымдайт чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.(ZKo)