Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

Омбудсмен: Муфтияттын өкүлдөрү үй-бүлөдөгү зомбулукка чакырып жатышат


Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча Акыйкатчы Турсунбек Акун Кыргызстандагы Мусулмандар дин башкармалыгынын айрым өкүлдөрүнө нааразылыгын билдирүүдө. Турсунбек Акундун белгилөөсү боюнча жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу “күйөөсү аялын урса болот,” деп айтуу менен муфтияттын өкүлдөрү үй-бүлөдөгү зомбулукка чакырган иштерди жасап жатышат. Акыйкатчы белгилегендей Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Юсур Ломанын жакында жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде “эгер аял күйөөсүнүн көзүнө чөп салса, аны укпаса, күйөөсү менен айтышса, анда аялды сабоо керек,” деп айтканы КР Башмыйзамына каршы келет. Турсунбек Акун муну коомчулукка каршы, үй-бүлөдөгү зомбулукту күчөтүүгө чакырык, деп белгилеп, мындай билдирүү, маектерге прокуратура жана башка күч органдары көңүл буруп, КР мыйзамдарына ылайык чара көрүүсү тийиш, деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG