Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Кыргыз өкмөтү НАТО менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар


Мындай сөзүн КР 1-вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы башкы катчылыгынын өкүлү Роберт Симмонс менен болгон жолугушууда айтты. Өмүрбек Бабанов ошондой эле кыргызстандык аскер жана жарандык адистердин НАТОнун адам мүмкүнчүлүгүн күчөтүү программаларынын алкагында иштеп келишкенин белгилеп, бул жаатта НАТО менен кызматташуу кеңейүүсүнө ишеничин билдирди. Ошондой эле 1-вице-премьер-министр НАТОго мүчө өлкөлөрдөн өткөн жылкы Нура айлында болгон табигый кырсыктан жабыркагандарга көрсөтүлгөн колдоого ыраазылыгын айтты. Мындан тышкары ал Роберт Симмонсту “ТүндүкАтлантик биримдигинин” 60 жылдыгы менен куттуктады. Ал эми НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы башкы катчылыгынын өкүлү Роберт Симмонс өз кезегинде альянс менен Кыргызстандын ортосунда “тынчтык үчүн өнөктөштүк” программаларынын алкагында 15 жыл бою тыгыз кызматташуу болуп келгендигин айтып кетти. Роберт Симмонс мырза кызматташуу мындан ары да ушундай деңгээлде улана берерине үмүттөнө тургандыгын билдирди, деп маалымдайт кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG