Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

“Ак шумкар” партиясынын төрагасын аңдуу күчөдү


Буга карата тынчсызданган билдирүүнү бүгүн “Ак шумкар” партиясы таратты. Анда айтылгандай аңдуу учурунда автоунаалар, автоунаалардын мамлекеттик номурлары алмаштырылып, партия төрагасын жашаган үйүнүн, иштеген ишинин жанында жана башка барган бардык жерде аңдуу күчөөдө. Билдирүү ээлери белгилегендей Темир Сариевдин артынан аңдып жүргөн төрт автоунаа: кочкул көк түстөгү B3769Q мамлекеттик номурлуу Ауди-100 С-4; кочкул кызыл түстөгү B7595E мамлекеттик номурлуу BMW -5; алча түстүү B4187A мамлекеттик номуру бар Фольксваген Венто жана эки B9631V жана B2287V деген мамлекеттик номурлары бар агыш түстүү “DAEWOO Nexia” автоунаалары байкоого алынган. “Ак шумкар” партиясы билдирүүсүндө күч органдарынан минтип аңдууну токтотууну талап кылып, алардын бул аракети Кыргызстандын адам укугу тууралуу мыйзамдарына каршы келерин эскертет. Партия төрагасы Темир Сариевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча анын артынан ИИМ, УКМКнын кызматкерлери аңдып жүрүшкөнүнө жарым жылдан ашып калды. Бирок акыркы убактарда аңдуу аракети күчөп кеткен. “Ушундан улам күч органдарынын мындай иштерин коомчулукка ачык айтып коюуну чечтик,” дейт “Ак шумкар саясий партиясынын төрагасы, БЭКтин Улуттук Кеңешинин мүчөсү Темир Сариев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG