Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Орусияга иш сапары учурунда президент төрт келишимге кол коюусу мүмкүн


Мамлекет башчынын иш сапары учурунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Орусия берүүнү убада кылган 1 млрд 700 млн доллар, мамлекеттик бюджетке берилүүчү 300 млн доллар карыз жана 150 млн доллар грант түрүндөгү каражат боюнча келишимдерге жетишүү аракети болууда. Мындан тышкары “Дастан” АКнын 48% акциясы үчүн Кыргызстандын 180 млн доллар карызын кечүү тууралуу да келишимге жетишүү жакын экендиги айтылып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Асейин Исаев “Азаттыкка” бүгүн билдирди.
КР президенти Курманбек Бакиев эртең эки күндүк иш сапары менен Орусияга жөнөп кетет. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча Курманбек Бакиев ошондой эле 4-февраль күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешинин сессиясына жана ЕврАзия экономикалык шериктештик уюмунун мамлекеттер аралык кеңешинин мамлекет башчылары деңгээлинде өтө турган кезексиз жыйынына катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG