Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Диабетиктер үчүн ийнелердин алмаштырылуусуна –саламаттык сактоо министрлиги күнөөлүү


Мындай билдирүүнү бүгүн “Психикалык саламаттык” коомдук бирикмеси таратты. Анда айтылгандай диабетиктерге инсулин саюуда колдонулуучу атайын ийнелердин алмашып калуусуна саламаттык сактоо министрлиги жооптуу. Анткени ийнелерди сатып алуу ишин министрдин орун басары Мадамин Каратаев жетектеген. Ушундан улам эмне үчүн ийнелерди сатуучу “Аманатфарм” ишканасы гана жоопко тартылып, саламаттык сактоо министрлиги четте кала берет, деген суроо коет “Психикалык саламаттык” коомдук бирикмеси. Аталган уюм белгилегендей “Аманатфарм” ишканасы 2006-жылы диабет оорусу менен жабыркагандарга саюуга жарабай турган ийнелерди сатыкка койгону үчүн ошол кезде алардын товарын сатып алуудан саламаттык сактоо министрлиги баш тарткан. Бул тууралуу министрликтин “Манас таалими” программасынын электрондук сайтында маалымат турат, ошондуктан “Аманатфарм” ишканасын тендерге киргизбей коюу саламаттыкты сактоо министрлигинин милдети болчу, деп белгилейт “Психикалык саламаттык” коомдук бирикмеси.
“Аманатфарм” ишканасына Башкы прокуратура тарабынан “Инсулин саюучу ийнелерди кадимки ийнелерге алмаштыргандыгы үчүн” деген айып менен кылмыш иши козголгон. Аталган ишкана ЖК депутаты, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Дамира Ниязалиеванын кызына тиешелүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG