Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Жалал-Абат облусунда мечиттердин саны көбөйүүдө


Облустук бийлик таркаткан маалыматка ылайык, мечит-медреселердин саны 465ке жетип, 2007-жылдагыга караганда алардын саны 24 мечитке көбөйдү. Облус борбору менен Таш-Көмүр шаарында жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда диний экстремисттик уюмдардын активдүүлүгү байкалууда. Былтыр «Хизб-ут Тахрир» партиясына мурда киргени үчүн өкүнгөнүн билдирип, анын катарынан 52 киши чыккан. Ички иштер уюмдары жашыруун партиянын мүчөсү деген шек менен көп жылдан бери 718 адамды тизмеге катташкан. Алардын арасынан жүз жыйырма тогуз киши Ислам халифатын курууга чакырган баракча-адабияттар менен колго түшүп, түрдүү мөөнөттөгү жазаларга соттолуп чыгышкандар деп айтылат маалыматтарда. (YA)

XS
SM
MD
LG