Алар өлкө түштүгүндө полиция кийимин кийген адамдын бомба жардыруусунан мерт болушту. Мындан сырткары дагы 8дей киши жараат алды. Урузган провинциясынын полиция башчысы Жума Гүл Химаттын айтымында, жан кечти полициячы эмес болчу. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти талип козголоңчулары өздөрүнө алышты. Кечээ Кабулдун жака белинде дагы бир жан кечти чет өлкөлүк аскерлердин колоннасы өтүп баратканда бомбасын жардырып, 3 киши жарадар болгон.