Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Хамас тобу чабуулун токтотмоюн, Израил да ок атышууну уланта берет


Бул тууралуу Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни билдирди. Ливни айымдын айтымында, террорго күч колдонуу менен жооп кайтаруу зарыл. Ливнинин билдирүүсү Газа тилкесине абадан чабуул жасалгандан кийин жарыяланды. Анын алдында Газа тилкесинен Израилдин аймагына ракеталык чабуул жасалган. Израилдин коргоо министри Эхуд Барак болсо израилдик күчтөр Хамаска каршы өткөн айдагыдай жаңы аскерий операция пландабаганын билдирди. Январда Израилдин үч аптага созулган чабуулдарынан Газа тилкесинде 1300 палестин набыт болгон.

XS
SM
MD
LG