Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Жер титирөөнүн кесепетинен 134 үйгө жарака кетип, 7 үй жарактан чыккан


ЧКМдин Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Болот Аманбаевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, атайын түзүлгөн райондук комиссия бүгүн алгачкы жыйынтыгын чыгарат. Алдын ала айтылганга караганда, Панфилов районундагы 40 үйгө ар кандай деңгээлде жарака кетип, 7 үй жарактан чыгып калган. Ал эми Жайыл районунан болсо жарака кеткен 94 үй катталып, азырынча жарактан чыкканы катала элек. Бирок райондук комиссиянын иликтөө-тактоосу дале уланып жатат.

1-февраль күнү саат 17:25те болгон силкинүүнүн очогу Кара-Балта шаарынан 5 чакырым, Бишкектен 65 чакырым аралыкта жайгашкан Кош-Тегирмен айылында болуп, күчү 5 баллга жеткен. (JJ)

XS
SM
MD
LG