Бул тууралуу чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Чукул кырдаалдар бөлүмүнүн адиси Абдышарип Бекировдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча учурда Ала-Бука—Каныш-Кыя автожолуна түшкөн каркөчкүдө калган 20 чакты кишини куткаруу иштери аяктады. Кырсык болгон жерде чукул кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүрдөгү оперативдүү куткаруу кызматы жетип барып, өздөрүнүн материалдык-техникалык базасы менен куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Бул ишке чукул кырдаалар министри Камчыбек Ташиев өзү көзөмөл кылып жатат, дейт Абдышарип Бекиров.
Кечээ Ала-Бука –Каныш-Кыя кан жолунун Чапчыма ашуусунда кар көчкү жүрүп, үч жеңил автоунаа 12 жүргүнчүсү менен жана сегиз КаМАЗ автомашинасы көчкүнүн алдында калган.(ZKo)
Кечээ Ала-Бука –Каныш-Кыя кан жолунун Чапчыма ашуусунда кар көчкү жүрүп, үч жеңил автоунаа 12 жүргүнчүсү менен жана сегиз КаМАЗ автомашинасы көчкүнүн алдында калган.(ZKo)