Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

НАТОнун өкүлү тышкы иштер министринин 1-орун басары менен жолугушту


НАТОнун Кавказдагы жана Борбор Азиядагы баш катчысынын атайын өкүлү Роберт Симмонс менен тышкы иштер министринин 1-орун басары Руслан Казакбаев жолугушуп, Кыргызстан менен альянстын ортосундагы кызматташууну талкуулашты. Мындан тышкары жолугушууда тараптар Ооганстандагы кырдаал, эл аралык жана аймактык коопсуздук тууралуу маселелер боюнча сүйлөштү. ТИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай министрдин 1-орун басары Руслан Казакбаев эки тараптуу кызматташууга жогору баа берип, НАТОнун Ооганстандагы операциялары Борбор Азиянын гана эмес, жалпы дүйнө жүзүнүн коопсуздугу үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG