Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Р.Шаботоев менен Б. Амиражановду издөө иштери туңгуюкка кептелди


Бул туурасында бүгүн башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтуусунда, депутат Руслан Шаботоев менен Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражановдун жоголуу фактысы боюнча кылмыш иштери азыр прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын катуу көзөмөлүндө турат. “Ар жуманын бейшемби күндөрү чогулуш ушул суроо менен башталат. Кандай жылыштар бар экендиги тууралуу талкуулар жүрөт. Азыр бул маселе боюнча эки орган туңгуюк абалга кептелди. Бирок көзөмөл иштери жүрүп жатат", - дейт Эльмурза Сатыбалдиев.

СДП партиясынан депутат Руслан Шаботоев 2008-жылдын 1-октябрында, ушул эле партиядан депутаттыкка шайланган Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражанов 24-сентябрда дайынсыз жоголушкан.(AzK)

XS
SM
MD
LG