Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Жалал-Абат облусунда 8 киши кар буктурмасында калды


Мындай маалымат 3-февралда облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармасынан алынды. Башкармалыктын билдиришинче, алар Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 90-чакырымында жүк машиналары менен турушат. Алар жолчулардын үйүңөргө кайра кайткыла деген үндөөлөрүнө көнбөй жатышат. 2-февраль кечинде аталган жолдун 99-чакырымына чейин 50 миң чарчы кар көчкү түшкөндүктөн жол бүгүн да жабык. Адамдарды куткаруу жана жолду ачуу максатында 6-жол башкармасынан 5 техника кар сүрүүдө. Бирок ал жак менен байланыш жок, деп айтты башкарманын орунбасары Нурдин Асанбеков. Бүгүн түшкө дейре айрым маалымат каражаттары Ала-Бука, Чаткал райондорунун бир нече жолуна кар көчкү түшкөндүгү, эки районду туташтырган жолдун 63-90 чакырымдарынын ортосунда 20 киши жүктүү 8 автоунаасы менен кар барымтасында калгандыгы тууралуу билдирүү таркаткан болчу. (YA)

XS
SM
MD
LG