Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Ардагерлер президент К. Бакиевди оппозиция менен сүйлөшүүгө чакырды


Өлкө башчысына жолдонгон кайрылууда бийлик менен оппозициянын тирешүүсүнөн улам укук коргоо органдары айрым учурларда мыйзамсыз ыпылас жолго түшүп кетип жатканына кабатыр болушуп, президентти бул маселеге көңүл бурууга чакырган. “Оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Исмаил Исаков жана башкаларга козголуп жаткан кылмыш иштери, аларга көрсөтүлүп жаткан кысымдар элдин нааразычылыгын күчөтөт, ынтымагын кетирет”,-деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле президентти улуттун биримдиги, өлкөнүн келечеги үчүн оппозиция менен өз ара сүйлөшүүлөргө барууга, келишпестиктерди жаңжал жолу менен эмес, дискуссия жолу менен чечүүгө чакырган. Ардагерлер кылмыш иштерди козгоону тезинен токтотуп, өрт тутанып кетпеси үчүн макулдашууларга барууга үндөгөн. Кайрылууга Кыргыз эл баатырлары Турдакун Усубалиев, Мамбет Мамакеев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, академик Дүйшөн Маматканов жана башка белгилүү окумуштуулар, Эл жазуучулары кол коюшкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG