Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Коррупцияга каршы элдик патриоттук революциялык кыймылынын кайрылуусу


Коррупциялык системага каршы күрөшүү Элдик патриоттук революциялык кыймылы саясий куугунтуктоону токтотуу талабы менен президент Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылууда Кыргызстанда Конституция бузулуп, атуулдардын укуктары менен эркиндиктери кескин чектелип, демократиялык баалуулукттар жоюлуп баратканы айтылат. Ошондой эле сөз эркиндиги жоголуп, “Азаттык” үн алгысы угузулбай жатканы белгиленип, оппозициянын лидерлерине саясий куугунтукту токтотуу талабы коюлган. “Биз, Кыргызстанда Конституциялык кепилдиктер менен демократиялык баалуулуктардын бузулбай сакталышын жана адилеттүүлүктүн тургузулушун, жаркын келечекке жол ачылышын талап кылабыз, болбосо жалпы жарандык нааразычылыкка чыгууга аргасыз болобуз”,-деп айтылат кайрылууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG