Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

“Аскердик абал жөнүндө” Конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты


Кыргыз өкмөтү демилгечи болгон «Аскердик абал жөнүндө» конституциялык мыйзамынын долбоору Конституциясынын жаңы редакциясына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыгып, анда бийлик бутактарынын согуш абалын камсыз кылуу жөнүндө чаралары камтылып, согуш абалын жарыялоо негиздери алты пункттан турары көргөзүлгөн. Мындай чечим кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды. Маалыматтарга караганда мурда согуш абалын президент жарыялап келсе, жаңы мыйзамга ылайык, адегенде мамлекет башчы согуш абалын киргизүү жөнүндө атайын жардык чыгарып, андан кийин ал Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам түрүндө бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле, согуш абалынын жарыялангандыгы тууралуу БУУга расмий билдирилүүсү зарыл. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG