Манастагы антитеррордук коалициянын базасын чыгаруу боюнча кыргыз өкмөтү тарабынан расмий маалымдама бериле элек. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен бүгүн кабарлашты. Маалым болгондой кыргыз президенти Курманбек Бакиев 3-февралда Москвага сапары учурунда кыргыз өкмөтү АКШ базасын чыгаруу боюнча чечим кабыл алганын билдирген эле. Манас аба майданында АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлери 2001-жылдан бери турушат. Алар Ооганстанда антитеррордук согушка көмөк көрсөтүү иретинде жайгаштырылган эле.(AiT)