Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:09

Т.Сариев: Базага байланыштуу маселеде көп нерсе аралашып калды


Кыргыз бийлигинин базаны чыгаруу боюнча чечим кабыл алуусуна дүйнөлүк финансы-экономикалык кризистин каатчылыгынын Кыргызстанга жакындап келиши, кеминде дагы 3-4 жылга созула турган энергетикалык кризис жана анын шартында Камбар-Ата ГЭСтерин куруу зарылдыгы түрткү болду. Андан сырткары Россия акыркы мезгилде КМШ айдыңында үстөмдүк кылуу аракети да таасирин тийгизди,-деп билдирди “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бүгүн “Азаттыкка”. Оппозициялык саясатчынын пикиринде, Манаска антиттеррордук коалициянын базасын жайгаштыруу боюнча чечим 2001-жылы Москванын макулдугу менен кабыл алынган. Аны чыгаруу чечими да Москвада кабыл алынууда. Анткени Россия Кыргызстандын саясатында өтө орчундуу орунду ээлейт. Бирок базаны реалдуу чыгышы үчүн 6 ай убакыт бар. Ал убакыттын ичинде көп нерсе өзгөрүп кетиши ыктымал. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк биринчи держава болгон АКШ менен таймашуу кыйын. Ошондуктан өлкө үчүн жеңил болбойт. Эл аралык валюта кору жана жеке АКШдан келип жаткан финансылык жардамдар токтойт. Орус тарап берген каражат аны жабышы кыйын.(AiT)

XS
SM
MD
LG