Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына байланыштуу кабыл алынган чечим Москвада жарыяланганын сынга алып, Манастагы АКШнын базасын чыгаруу боюнча өкмөттүн чечими бар экенине шегин билдирди. Анын айтымында, база боюнча өкмөт чечим кабыл алганы ушул кезге чейин белгисиз болгон. 3-февралда президенттик администрациянын жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү база боюнча эч кандай билдирүү болбойт дешкен. Андан кийин эле Москвада президент өкмөттүн чечими тууралуу айтууда. Бул түшүнүксүз. База жабыла турган болсо, анын жол-жоболору бар. Президент, же өкмөт башчы парламентке келип 2001-жылы жетишилген келишимди бузууну сунушташ керек. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы өз коопсуздугун, анын ичинде регионалдык коопсуздугун бекемдөөдө турат. Бул жагынан алганда Манастагы базанын чыгарылышы улуттук кызыкчылыкка каршы келет. Анткени Ооганстанда кырдаал жакшы эмес. База болсо регионалдык коопсуздук үчүн кызмат кылып жатат.(AiT)