Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Жогорку Кеңешке база боюнча келишимди токтотуу мыйзамы түшө элек


Бул тууралуу Жогорку Кенештин төрагасынын кеңешчиси Онурбек Байтереков бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эреже боюнча өкмөттүн мыйзам долбоору парламенттин аппаратынын жалпы бөлүмүнө түшүп, андан кийин төрагага келет. Төрага андан ары долбоорлорду тийиштүү комитеттерге жолдойт. Бирок азыркы учурга карай Манаста жайгашкан АКШнын аскерий базасын чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушу парламентке келе элек.
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик байланыш комитетинин төрагасы Эрик Арсалиев базага байланыштуу келишимди токтотуу тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоору парламентке келип түшө электигин тастыктап, долбоор келип түшсө, ал жетектеген комитет аны кароого киришерин белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG