Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Жалал-Абат облустук күч бийликтери жыйын курду


Бүгүнкү кеңешмеде баяндалгандай, былтыр кызматтык кылмыш жасагандардын 84ү жоопко тартылды. Төрт кызматкер опузалап пара талап кылган. Өспүрүмдөр менен иштөөчү кызматкерлер жетишсиздигинен балдар кылмышы көбөйгөн. Бейбаштык кылган 90 өспүрүмдүн тең жарымы эч жерде окубайт. Өткөн айда белгисиз адамдар кордук көрсөтүп, 7 жана 11 жаштагы кыздарды зордуктаган. Март ыңкылабында жоголгон курал-жарактар толук табылган жок. Өзгөчө оор кылмыштар, адам өлтүрүү, каракчылык, зордуктоо, талап-тоноо денеге оор залал келтирүү окуялары жетиштүү ачылган эмес. Укук коргоо уюмдары менен жергиликтүү бийликтин бирдиктүү иш-аракеттери байкалбайт. Мал уурулук, баңгилик, колу туткактык тыйыла элек. Кылмыш жасагандардын 82 пайызы жумушсуз. Социалдык абалдын начардыгы аларды ууру-кескиликке түртүүдө деп айтылды укук коргоо уюмдарынын жыйынында. (YA)

XS
SM
MD
LG