Президент Гурбангули Бердимухамедовго жолдогон катында сегиз укук коргоочу уюм 2006да франциялык телеканалга Түркмөнстан тууралуу даректүү фильм тартууга жардам бергендиги үчүн ар бири сегиз жылга кесилген Аннакурбан Аманкылычев менен Сапардурды Хайиевдин ысымдарын атап, ошондой эле түркмөн түрмөсүндө көз жумган «Азаттыктын» жергиликтүү кабарчысы Огулсапар Мурадованын өлүмүн иликтөөнү талап кылышты.