Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Д.Медведев:Борбор Азиянын коопсуздугу ЖККУнун алкагында каралышы керек


Кечээ Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынынан кийинки маалымат жыйынында журналисттердин суролоруна жооп берип жатып Орусиянын президенти Д.Медведев “Манас” аба базасын жабуу Кыргыз бийлигинин жеке өзү кабыл алган чечими экенин дагы бир жолу белгиледи. Д.Медведевдин айтымында, коопсуздук маселеси аба базаларынын санына байланыштуу эмес. Эми мындан ары Борбор Азиядагы коопсуздукту, террорго каршы күрөшүүнү ЖККУ кирген мамлекеттер, анын ичинде Орусия жана аймактагы мамлекеттер дагы сактоого кызыкдар. “Бул иштер комплекстүү түрдө үч багытта жана дайыма жүргүзүлүүгө тийиш”,-деди Медведев. Биринчиси, дайыма жана аймактагы мамлекеттердин катышуусу менен, экинчиден, аскердик гана багытта эмес, ошол мамлекеттердин саясий системасын өнүктүрүү жана ал мамлекеттерде террорду жаратпоо багытында күрөшүү керек. Ошол эле маалда ал мамлекеттердин калыптанган тарыхый шарттарын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш, деди Медведев. (КО)

XS
SM
MD
LG