Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Ричард Холбрук Индияга иш сапары менен барат


АКШ президентинин Ооганстан жана Пакистандагы чабарманы Ричард Холбрук кийинки аптада бул эки өлкө жана Индияга иш сапары менен барат. Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, Холбрук мырза Түштүк Азияга сапарынын алдында алгач Лондон, андан соң Мюнхенде болуп, коопсуздук маселесине арналган конференцияга катышат. АКШнын президенти Барак Обама талиптер жана “ал-Кайида” уюмунун согушкерлери жашырынган Ооганстан жана Пакистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн өткөн айда тажырыйбалуу дипломат Ричард Холбрукту өзүнүн чабарманы кылып дайындаган.

XS
SM
MD
LG