Бул тууралуу фракциянын лидери Табылды Орозалиев бүгүн парламентте билдирди. Ал базаны чыгаруу боюнча маселе менен президент Курманбек Бакиевдин Москвага сапарынын байланышы жок деген пикирин билдирип, ошол эле мезгилде Москвадан келе турган 2 миллиард доллар инвестиция Кыргызстанга келген алгачкы ири инвестиция болот деп белгиледи. “Ак жол” фракциясынын дагы бир мүчөсү З.Жамалдинов да бийликтин базаны чыгаруу чечимин колдоп, бул чечимди анын шайлоочулары да колдоп жатканын билдирди.(AiT)