Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Кыргыз оппозициясы: Нааразылык акциясы жалпы өлкө боюнча башталат


Президентти мөөнөтүнөн мурун кетирүү жана үй-бүлөлүк башкаруу токтотуу талабы менен нааразылык акциясы жалпы Кыргызстан боюнча бир күндө башталат. Бирок анын так күнү азырынча айтылбайт,-деп билдирди Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, бул жаз чечүүчү жаз болот. Бийлик күч колдонууга аракеттенет. Бирок тартип коргоо органдары өз элине каршы ок атпайт. БЭК жакын арада нааразылык акциясы жана анда коюлган талаптар тууралуу эл аралык уюмдарга, өлкөнүн калкына, күч органдарына кайрылуу жасайт.Оппозициялык кыймыл өлкөнүн үй-бүлөлүк башкарууну өлкөнүн азабы, оор кырдаалдын булагы катары баалады.(AiT)

XS
SM
MD
LG