Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Москвада ЖККУнун жыйыны болду


4-февралда Россия борборунда Евразия экономикалык шериктештигинин жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйыны болуп, ага президент Курманбек Бакиев катышты.Экономикалык шериктештиктин жыйынында 10 миллиард доллар каражаты бар анткризисттик фонд түзүлдү. Каражаттын 7.5 миллиард долларын Россия, 1 миллиард долларын Казакстан бөлөт. Калган өлкөлөр өз үлүштөрү боюнча маселени бир айдын ичинде чечүүгө тийиш.Ал эми Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында “ЖККУнун ыкчам жооп берүүчү жамааттык күчтөрү” жөнүндө документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG