Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин “Лица” гезитине берген интервьюсунда билдирүүсүнө караганда, ал өткөн жылы декабрь айында Түркияда операция жасатып келген. Атамбаевдин айтымында, 2007-жылы өкмөт башында турган мезгилде ал ууландырылган. Мына ошонун айынан ашказан менен көкүрөк ортосундагы диафрагмага операция жасатууга мажбур болгон жана декабрь айынын ортосунда Түркияда тийиштүү операция жасалды. Мына ошондуктан ден-соолугуна байланыштуу акыркы мезгилдерде саясатка активдүү аралашпай келатат. Дарыгерлердин кеңешине ылайык саясатчы дагы бир-бир жарым ай абайлап жүрүүгө тийиш. “Азыркы мезгилде ден-соолугум жакшыруу жолуна түштү”,-деп белгилеген Атамбаев.
2007-жылы 22-майда Алмазбек Атамбаев ага алып келген суудан ууланганын билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш ишин козгоп, тергөө ишин жүргүзгөн. Бирок окуяга тиешеси бар киши аныкталган эмес. (AiT)