Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Нарын шаардык мэриясы өз алдынча телекөрсөтүү жана гезит ачат


Нарын шаарынын 2009-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык планы иштелип чыгып, шаардык кещештин кароосуна жиберилген. Анда 2009-2010-жылдарда шаардын гезитин, ал эми 2009-2012-жылдарда шаардын өздүк теле көрсөтүү студиясын ачуу мерчемделип жатат. Буга дейре Нарын шаарынын тарыхында өздүк маалымат каражаттары болгон эмес.
Мындай маалыматты Нарын шаардык мериясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Эсентур Өмүралиев билдирди. Гезитти жана телекөрсөтүүнү каржылоо жергиликтүү бюджеттен жүзөгө ашырылмакчы. Соңку жылдарда Нарын шаардык мериясы «Шаар жарчысы» аттуу гезитти облустук «Теңир Тоо» гезитинин ички беттеринин тиркемеси катары айына бир, же эки айда бир жолу чыгарып келүүдө. (KUs)

XS
SM
MD
LG