Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Ош: Облсот төрагасынын жактоочулары укук коргоочуга кысым көрсөтүштү


«Ош облустук сотунун төрагасы Каныбек Бөкөев азыркы кызматына татыксыз. Коррупциялык иштерге аралашкандыгына мисал катары Ноокаттагы «Куруучу» ишканасынын директору Асылбек Ашымовго байланышкан кылмыш ишин кыскарткандыгын, кызматтык машинасынын айдоочусу мас абалда машина башкарганына карабастан, амалынан пайдаланып МАИнин эки кызматкерин 4 жылга кестирип жибергендигин айтсак болот. Айтылган фактылар чекеси гана», - деп билдирди «АКИпресс-Фергана» агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Оштогу «Эл коррупцияга каршы жана демократиялык өзгөрүүлөр үчүн» укук коргоо борборунун башчысы Бекболот Калыбеков. Ага карата залдан узатылган облсоттун төрагасынын жактоочуларынын суроолорун Калыбеков кысымчылык катары баалады. Облустук соттун жетекчиси Каныбек Бөкөев ооруп калгандыктан, байланыша албадык. Төраганын жактоочусу Нурдин Чыдыев Калыбековдун айткандарын жалган жалаа, кемсинтүү катары эсептеп, мыйзам алдында жооп берээрин эскертти. (ATo)

XS
SM
MD
LG